Дүйнөдө маймыл чечегин жуктургандардын саны 550 дөн ашты

Дүйнөдө маймыл чечегин жуктургандардын саны 550 дөн ашты

Маймыл чечеги дүйнөнүн 30 өлкөсүндө катталган. Илдет жуктургандардын саны 550дөн ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Адистердин айтымында, эпидемия бир учурда бир нече жерде жайылууда. Бир катар өлкөлөрдө маймыл чечегинин капыстан пайда болушу алардын бир канча убакыттан бери байкалбай жайылып кеткенинен кабар берет дешет адистер. Жыл башынан бери бул илдет Африканын беш өлкөсүндө 70тей адамдын өмүрүн алды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков