Астанадагы эл аралык Казакстан мектебинин (KIS) мүдүрү, австралиялык Тодд Фланаган - «Talk & Cook»- программасында мейманда. Ал программанын алып баруучуларына деңиз азыктары менен белгилүү өлкөдө маринара кантип бышырыларын көрсөтөт. Ошондой эле, бул чыгарылышта биз Австралиянын улуттук ашканасынын өзгөчөлүктөрү жана эки өлкөнүн окшоштуктары жөнүндө сөз кылабыз. Программанын коногу Тодд Фланаган ошондой эле Борбор Азиядагы эң мыкты эл аралык мектепти түзүү тажрыйбасы менен бөлүшөт. Заманбап сапаттуу билим кандай болушу керек? Бала үчүн эң жакшы билим очогу кайсы? Мунун баарын сиз «Talk & Cook» шоусунан көрө аласыз.