Казак киносунун потенциалы өсүп, эл аралык аренада таанылып жатат. Ата мекендик режиссёрлордун эмгектери дүйнөлүк кинофестивалдарда сыйлыктарга ээ болуп, коомчулуктун оң баасына татыды. Чет элдик долбоорлордон да сунуштар бат-баттан түшүп жатат. Натыйжада Голливуд тасмаларына казакстандык актёрлор да тартылууда.
Мунун баары казак киносунун жаңы доорго кадам таштаганынан
кабар берет. Ата мекендик кинопродюсерлор Голливуд менен биргелешкен
долбоорлорду ишке ашыра башташты. Бул Казакстандын киноиндустриясын өнүктүрүү
үчүн маанилүү жана өлкөнүн маданиятынын байлыгын жана өзгөчөлүгүн дүйнөгө
таанытууга мүмкүндүк берет.

