Казакстанда АЭСтин курулушуна байланыштуу референдумга башка мамлекеттерден байкоочулардын арыздарын кабыл алуу аяктады. Ошентип, жалпысынан 177 байкоочу расмий каттоодон өттү. Башкача айтканда, алдыдагы референдумга 30 чет мамлекеттин жана 4 эл аралык уюмдун өкүлдөрү көз салат. Ошондой эле Беларустун, Азербайжандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары келет деп күтүлүүдө.
Мухтар Ерман, Борбордук референдум комиссиясынын катчысы:
- Азыркы учурда сынакка катышкан эл аралык уюмдардын катарында көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму, Түрк мамлекеттер уюму, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңеш бар.
Ошондой эле референдумдан бир катар чет өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттары көрсөтүлөт. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 38 мамлекеттен 200 кабарчы катталган.
Роман Василенко, Тышкы иштер министринин орун басары:
- Тышкы иштер министрлигинде туруктуу негизде 14 өлкөнүн 38 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 162 кабарчысы аккредитацияланган. Алар референдумду көзөмөлдөөгө укуктуу. Бул жолу министрлик дагы 38 чет элдик кабарчыга референдумга катышууга убактылуу уруксат берди.
Белгилей кетсек, чет жакта жүргөн казакстандыктар үчүн 61 мамлекетте 76 участок ачылган. Акыркы мезгилде дүйнөдө жайылып жаткан вирустардан сактануу үчүн бардык добуш берүүчү жайлар толук медициналык көзөмөлдө болот.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков