2025-жылдын
сезонун биздин Абиба Абужакынова абдан ийгиликтүү аяктады - Эл аралык дзюдо
федерациясы аны өзүнүн салмак категориясындагы планетанын эң күчтүү дзюдочусу
деп атады. Демек, эми дүйнөнүн кайсы жериндеги болбосун ар бир дзюдочу кыз
Абибадан үстөм болууну пландаштырууда. Бул чакырык, бул басым, айрыкча супер
жеңил салмакта атаандаштыкка туруштук берүү өзгөчө оор. Абиба туруштук бере
алабы? Силк вей телеканалынын «Road to Gold» долбоорунан көрүңүздөр.

