9 миңден ашуун казакстандык Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жашайт

9 миңден ашуун казакстандык Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жашайт

Казакстандын  9 миңден ашуун жараны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүрөт. Республиканын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жарандардын эң көбү Бириккен Араб Эмираттарында – 4 миңден ашуун адам. Тышкы саясий мекеменин расмий өкүлү Ерлан Жетыбаевдин айтымында, алардын арасында туристтер да, бул өлкөлөрдө туруктуу жашаган жарандар да бар. Каза болгон же жабыркаган казакстандыктар тууралуу маалымат түшкөн жок. Республиканын аймактагы дипломатиялык миссиялары азыр күнү-түнү иштеп жатат. Мекендештердин коопсуз кайтып келиши мамлекеттин артыкчылыгы болуп саналат. Ошону менен бирге Ерлан Жетыбаев Казакстан башка мамлекеттердин жашоочуларын да эвакуациялоого даяр экенин билдирди.


Ерлан Жетыбаев, тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү:


– Бүгүнкү күнгө чейин мындай кайрылуулар түшкөн жок, бирок кайрылуулар болуп, тиешелүү шарттар түзүлсө, коңшулаш, боордош мамлекеттерге жардам берүүгө даярбыз деп ойлойм. Азыркы учурда биринчи кезекте өз жарандарыбызды чыгаруу менен алекпиз. Бардык ресурстар биринчи кезекте дал ушуга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков