Килем токуу – кылымдардан бери келе жаткан элдик өнөр.
Искусствонун байыркы жана асыл түрү. Моданын, кымбатчылыктын, күнүмдүк жашоонун
ажырагыс бөлүгүнө айланган килемдер эч качан өз статусун жоготкон эмес.
Бүгүнкү күндө улуттук кесибибизди калыптандырып жаткандар
көп. Алардын бири Талгат Искаков. Программанын жүрүшүндө ишкер өзүнүн бизнес
демилгелери жана башынан өткөргөн кыйынчылыктары менен бөлүшөт.

